www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалисттик коомдун аягы Михаил Горбачевдун кайра куруу доору менен бүткөн. Буга чейин элдин оозун «скотч» менен бекитип келсе, кайра куруу доорунда элдин оозу араандай ачылып, СССРде каргашалуу Карабах, Алматыдагы Желтоксан, өзбек-месхед түрктөрү баш болгон ызы-чуулар башталган. Кыргызстан КП БКнын биринчи педагог Турдакун Усубалиев КПСС БКнын Башкы катчысы, педагог Константин Черненкого таянып, Кеңеш Кулматовду Кыргызстан КП БКнын катчылыгынан кубалап Москвага айдаган. Жубайы Сакен Кыдыралиеванын МГУдагы курсташы Михаил Горбачев келгени матч –реванш алып, Усубалиевдин ордуна биринчи болуп Апсамат Масалиев келет. Ош облусу азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун бириктирген Кыргызстандын теңме-теңин ээлеген зор облус болгон. Тогуз-Торо району Нарын облусуна, Токтогул, Чаткал Талас облусуна  карай турган. Ош обкомун Үсөн Сыдыков, Ош облкомсомолун Аликбек Жекшенкулов чимирип турган.

Мындай зор областын аймагында жашаган Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Тешебаев баш болгон өзбек элитасы Москвага, КПСС Борбордук Комитетине кат жолдошот. Бул катта алар Ош облусуна автономия берүүнү жана бул автономиялык облусту акырындык менен Өзбек ССРине берүү тууралуу маселени козгошкон. 1990–жылы июнда бул маселе чыңалып отуруп  апогейине жетет. Ош шаарынын тегерегине он миңдеген өзбек улутундагылар топтоло баштайт, муну угушкан миңдеген кыргыздар да чогула баштайт. Совет мезгилинде өзбек-кыргыз чек аралары жок, ошондуктан коңшулаш Наманган, Маргелан,Фергана аймактарынан өзбектер келатат деген кабар угулат. Бул жаңжаалды басууга ал мезгилде СССРдин президенти Михаил Горбачевдун кеңешчиси, дүйнөлүк маанидегеи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов элдик дипломат катары тартылат. Арийне, Айтматов Горбачевго эмне деп түшүндүргөнүн ким билет, кыргыз калкы менен жолугушканда Өзбек ССРинин чоң экенин белгилеп, өзбек элине жан тартып койгону ушул кезге чейин айтылып жүрөт. Бул каргашалуу окуяга катышкан чыныгы кыргыздар өзбек түрмөлөрундө өзбек кылмышкерлеринин колуна салынып берилип, бул окуядан кийин да бир топтору жан таслим болгон.

Ош окуясын басуу үчүн ал кездеги Казакстан компартиясынын биринчи секретары Нурсултан Назарбаев ортого түшүп, Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Апсамат Масалиев жана Өзбекстан компартиясынын биринчи секретары Ислам Каримовду бир столго отургузган жери бар. Ал кезде аксакалы  Апсамат Масалиев болгон, ал абдан сыйкор адам экен, Нурсултан Назарбаев аксакалын сыйлап алдыга өтүңуз десе, ал Ислам Каримовду сыйлап алдыга өткөзүп жиберген дечү. Ошол жылы жазында «президент» болуңуз десе, «Москванын айтканын күтөлү» деп, убакытты алдырып жиберген. Ошондо болгон Ош окуясы күзүндө болгон президенттик шайлоодо Масалиевге залалын тийгизген.

Ошол мезгилде Казак ССРинин Семей аймагында бал менен жүргөн агаларыбыздын айтымында муну угушкан ошол жердеги казактар кыргыз элине боор тартышкан. Аталган аймактагы бир айылды кыргыздын калпактарын кийип чабышкан өзбектер кармалып калышат. Кыргыздар казактарды эмнеге чабат эле, эгер алар кармалбаса, бул окуя боюнча кыргыздардын мойнуна бул кылмыш илинмек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости