www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испаниянын диетологдору жатар алдында кайсы тамактардан баш тартуу керек экенин айтышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, адам тамакты жатардын алдында жесе, уйку режими бузулуп же катуу уктай турган маалда өтүп кетиши мүмукүн.

Диетологдор жатарда брокколи, жөнөкөй жана гүлдүү капусталарды жебей эле коюуну сунуштады. Капуста витаминге бай болгону менен организмге оңой менен сиңбеген элементтер бар.

"Кечки саат сегизден кийин үндүк, тооктун этинен да баш тартып коюңуз. Анткени организм аны сиңире албай кыйналат. Ошондой эле жатар алдында сыр кошулган тамакты да жебеш керек", — деп айтылат маалыматта.

Уктаар алдында кара шоколад менен кофе ичүү да зыян экени айтылды. Экөөнүн тең курамында кофеин бар. Ал организмден 8-14 саатка чейин кетпей, уйкуга терс таасир этет.

Ошондой эле, жатарда спирт ичимдиктерин, анын ичинде кызыл шарап, таттуулар, томат соусун колдонбой эле коюу сунушталды.

Мындан сырткары, сыр кошулган тамак, кара шоколад, капуста жегенде, шарап, кофе жана газдалган суусундуктарды ичкенде уйку бузуларын айтып беришти.  

Андыктан уктаар алдында аты аталган ичимдик, тамак-аштардан баш тартууңуз зарыл.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости