www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн афроамерикалык Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууну пландаган жок. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн. Жакынкы күндөрү, тагыраагы, жекшемби күнү Райфорд (Түндүк Каролина штатында) жана Хьюстон (Техас штатында) шаарларында акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтмөкчү. Андан соң аны жерге беришет.

Буга чейин, АКШда быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу аземине катышуу маселесин карап жатканы маалымдалган.

Эске сала кетсекк, 25-майда афроамерикалык Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын бир нече шааарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.

Жорж Флойдду кыйноо жолу менен өлтүргөн полиция кызматкери Дерек Човин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости