www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо боюнча кечиктирилигис чараларды көрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган.

Тактап айтканда, 504-берене толукталган, 3-1-бөлүк менен үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы боюнча шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теӊдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан  реалдуу коркунуч бар болсо;

2) эгерде шектүү алкоголго жана анын башка түрүнө мас абалында болсо жана ал жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теӊдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирип жатса;

3) эгерде шектүү жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теӊдештирилген адамдарды кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости