www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын көз жумганы маалым болду.

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости