www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент шаарынын кылмыш иштери боюнча Шайхантахур райондук соту өз энесин өлтүргөн жигитке өкүм чыгарды.
Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучу 97-берененин 1-бөлүгү (Атайылап өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алганын жана үйлөнө электигин эске алып, аны 10 жылга эркинен ажыратты.
Окуя ушул жылдын март айында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, түнкү саат экилер чамасында жигит апасын бейтааныш адам менен байкап калып, ачуу үстүндө бычак менен мойнуна сайган.
Андан соң ал сөөктү «катып койгон» да эртең менен полицияга апасынын жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган.
Аялды жарым жыл издешкен. Анын сөөгү уулу көмгөн үйдүн жер төлөсүнөн табылган.
Белгилүү болгондой, күйөөсү менен ажырашкан аял эркектерди үйүнө алып келген үчүн уулу менен дайыма урушуп тураган.
Булак: NazarNews.kg