www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт менен элдин биримдиги болсо гана кыйынчылыкты жеңип чыгабыз. Мындай пикирди бүгүн, 8-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов билдирди.

- Азыр бизде күндөн-күнгө кымбатчылык күчөп, бензин болсо асмандын башына чыкты. Эксперттердин айтуусу боюнча Кыргызстан эле эмес дүйнө жүзүндө ачкачылык кырдаалы жаралып жатат. Бизди акыркы бир жылда кандай окуялар күтүүдө?

- Дүйнө жүзүндөгү акыбал негизинен коркунучтуу жана кооптуу. Пандемиядан улам экономиканын өсүшү дүйнө жүзүндөгү бүт мамлекттерде төмөндөп кетти. Ал эми биз бутуна жаңы туруп келе жаткан мамлекет катары биздин экономикабыз, финансылык абалыбыз күздөн баштап даана көрүнө баштайт. Быйылкы кыштан кандай чыгабыз? Өзгөчө бул кышта элге керектелүүчү оокат, буюмдарды кымбаттап кетпеши үчүн өкмөт кандай кадамдарды көрүүдө? Эл ошону көрбөй жатат.

Мындан дагы оор кыйынчылыктарды жеңгенбиз. Кептин баары бийлик менен элдин биримдигинде, бирин-бири түшүнүп, колдогонунда. Өкмөт менен элдин биримдиги болсо гана кыйынчылыкты жеңип чыгабыз. Болбосо кыйын болуп калат. Чындыгында өлкөнүн экономикасы, фианансылык абалы өтө эле оор. Ошондуктан, азыркы абалдын баарын эске алып, керектүү кадамдарды жасашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости