www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз келбетине нааразы болгон жаштар арбып бара жатат

Дүйнөдө жаштар өз келбетине болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калгандыктан, психологдор арасында "өң-келбет перфекционизми" деген түшүнүк пайда болду.

Адам баласынын өз келбетин жактырбай депрессияга учурашы эпидемияга айланып бара жатат. Бул тууралуу Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, ушул тапта дүйнөдө жаштар өз келбетине мурда болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калгандыктан, психологдор арасында "өң-келбет перфекционизми" деген түшүнүк пайда болду.

"Акыркы 20 жыл ичинде сулуулуктун жаңы стандарттары калыптанды. Өзгөчө кыз-келиндер арасында өтө арык, чымыр денелүү, кемча белдүү болуу сулуулук деп эсептелип, көбү ушул талапка жооп берүүгө аракет кылууда. Ага жете албагандар өзүнүн дене боюн жек көрүп, психологиялык жактан жабыркап жатат", — деп айтылат макалада.

Илимпоздор келбети "идеалга" туура келбеген жаштар жетиштүү тамактануудан баш тартып, мунун кесепетинен бүткүл организм жабыркап жатканын айтат.

Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин адистери жаштарды мындай нерседен сактоо үчүн өз дене боюн, келбетин кабыл алып, гармонияда жашоого жардам бере турган ыкманы иштеп чыгууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости