www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиялык тургун өзүнүн тоюнан 2 саат өтпөй каза болгонун билдирет Daily Mail.
7 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн Дэнни Эмели жана анын жубайы Клэр 17-август күнү баш кошушкан. Той өлкөнүн түндүн тарабында Уэтерби шаарынан алыс эмес жердеги спа-салонунда өтүп, 80дей конок катышкан. Саат 23:30да Дэнни өздөрүнө арналган бөлмөгө чыгып кеткен, а Клэр кечени улантып, коноктор менен болгон. Бир сааттан соң жолдошунан кабар алып, кайра конокторго кайтып келген. Ал убакта күйөөсү тирүү болчу.
Саат 01:30 чамасында кайра бөлмөгө келген айым, жолдошунун жансыз абалда жатканын көрөт. Сыртка чуркап чыгып, элдерди жардамга айтып, тез жардамды чакырышат. Бирок, Дэннини аман алып кала алышкан жок.
Каза болгон жигит 37 жашында эле. Дос-туугандардын айтымында, анын ден-соолугу чың болчу. Милиция бул өлүмдү кокустук, шектүү дей тургандай эч нерсе жок деп эсептейт. 35 жаштагы жесир айым фейсбук баракчасында, сүйүктүү жарым жок мындан аркы жашоону элестете албайм деген сыяктуу сөздөрдү жазып, кайгысын эл менен бөлүшкөн.
Булак: NazarNews.kg