www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандык блогер Айжан Байзакова жакында эне боло турганын жар салды.
"Жоголуп кеткенимдин себеби 30 жумалык кош бойлуумун. Албетте ар кандай көздөрдөн жашынып элге көрүнбөй жүрүү кыйын болду. Мунун баарын сыр бойдон сактагым келген. Бирок ойлонуп көрсөм жашырууга негиз жок экен. Мындан ары үңкүрдө жашамак белем. Бул нерсени чоң бакыт деп эсептейм, корко турган эч нерсе жок. Бул — жаңы жашоо", — деп жазган Байзакова.
Курсагындагы наристесинин атасы тууралуу айтпай сыр бойдон калуусун туура көргөн.
Эске сала кетсек, Байзакова чырдан башы чыкпай ар бир жарыя кылган посттору чоң талкууну жаратат. Байзакованы "жылдыз" кылып жиберген окуясы өткөн жылы болгон. Алматыдагы клубдардын биринде кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөрүп, аны казак полициясы үч суткага камап койгон.
Булак: NazarNews.kg