www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз уулунан ажал тапкан ата...

Ысык-Көл облусунун Түп районунда уулу тарабынан сабалып, ооруканада өзүнө келбей каза болгон 49 жаштагы Майрамбек Талдыбаевдин карындашы Салима Талдыбаева бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгарууну соттон талап кылууда. Мындай арызы менен ал Turmush басылмасына кайрылды.

Буга чейин Turmush басылмасы ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен 24 жаштагы баласы өзүнүн атасын катуу сабап, ал оор абалда ооруканага түшкөндүгү жана кийин ал каза болуп калгандыгын маалымдаган.

Окуя ушул жылдын 19-майында Түп районунун Корумду айылында катталган. 1994-жылы туулган айыл тургуну Н.А. өзүнүн атасы — 1969-жылы туулган Т.М.ди катуу сабап салган.

Өзүнүн уулунан жабыркаган ата райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бейтапка 3 сааттан ашык убакытка созулган оор операция жасалган. Айрым маалыматтарга караганда бейтаптын ички органдары үзүлүп кеткен. Жабырлануучу оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Атасын сабоого шектүү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда жаңжалдын чыгышына атасы көптөн бери спирт ичимдигин ичип жүргөндүгү жана үй-бүлөсүнө жардам бербегендиги себеп болгон. Жаңжал учурунда уулу мас эмес болчу.

«Баардыгы агам Майрамбектин уулу Айбек [аты өзгөртүлдү Н.А.] биздин ата-энебиздин үйүн өзүнө каттатам дегенинен улам башталды. Биздин ата-энебизин үйүндө улуу майып агам жана мүмкүнчүлүгү чектелген эжем жашайт. Буга карабай агамдын уулу ошол үйдө жашагысы келип, өзүнүн атасын эмнеге ал үйдү бир туугандары бошотпой жаткандыгын айтып, аны күнөөлөп келген. Себеби Майрамбек үйдүн эң кичүү уулу болчу. Салт боюнча үй кичүү уулунда мурас катары калышы керек эле. Майрамбек үйдүн кичүүсү болгону менен ал үйлөнүп, уулу төрөлгөндө өзүнчө бөлүнүп кеткен. Ал аялы жана 5 баласы менен өзүнчө жашачу. Кийин Корумду айылынын четине дагы башка үй салып баштаган, бирок ал дагы Айбек үчүн жетишсиз болуп, чоң атасынын үйүн алгысы келген.

Ушул жылдын январь айынан тарта бул маселе боюнча көп жаңжалдар чыккан. Айбек атамдын үйүнө барып, ызы-чуу чыгарып, анда жашап жаткан эжемди бир нече жолу сабап кеткен, ал ооруканага түшүп, дарылынып чыккан.

Мындан тышкары, февралда ал өзүнүн атасын ушул маселе боюнча күнөөлөп, катуу сабап салган. Ошол үйдө жашаган майып агам менен эжемдин бара турган жери жок болчу. Кийин Майрамбек аялы жана уулу менен биздин үйгө көчүп келип, эжем жана байкем менен чогуу жашап келишкен. Ушундай жол менен менин түшүнүгүмдө алар үйдү алууга аракет кылышкан», - деди Салима.

Анын айтымында, агасы Майрамбек үйдү алууга каршы болуп, анын кесепетинен уулу тарабынан ур-токмокко алынып келген. «Февраль айында Айбек кайрадан Майрамбекти сабап, анын муруну сынып, баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Ошондо райондук сот өз атасын гана эмес эжесин да сабаган Айбектин ишти караган болчу. Жыйынтыгында сот аны жазалабоону чечкен. Ал акыркы жолу атасын сабаганда Майрамбек каза болуп калды. 12-июлдан бери Түп райондук соту ишти карап, бүгүнкү күнгө чейин 9 отурум болду. Бирок азыркыга чейин сот эч кандай чечим чыгара элек. Бардык тергөө иштери Түп РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Мыйзам чегинде Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул ишти кароодо башынан бери эле сотто өзүн Жогорку Кеңештин кызматкери деп тааныштырган айткан Мээрим аттуу аял пайда болгон. Ал мага Айбекти агамдын өлүмүнө күнөөлөбөй, арызымды алуум үчүн 3000 доллар сунуштады. Бирок бул сунушка макул болгон жокмун. Андан кийин ал райондук оорукананын дарыгерлерине барып, прокуратуранын, Президенттин аппаратынын кызматкери экенин айтып, «жумуштан бошотом» деп коруткан. Мындан тышкары райондук соттун судьясына таасирин тийгизгенине байланыштуу райондук сот бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү чечим чыгара албай жатат», - деди ал.

Каза болгон Майрамбек Талдыбаевге айылдаштары үй-бүлөсүн камсыздаш үчүн иштеген тартиптүү адам катары мүнөздөмө беришти. Алар маркум алкоголдук ичимдиктерди көп ичкен деген пикирге кошулушпайт.

«Агамдын аялы жана анын туугандары Майрамбек арак ичип, үй-бүлөсүнө тынчтык бербечү деп жатышат. Алар мындан улам мушташ чыгып, агам кокустан каза болгонун айтышууда. Бирок мындай эмес, агам арак иччү эмес. Ал тойлор гана бир аз ичип койчу. Ал эч качан аракеч болгон эмес. Эч качан үй-бүлө мүчөлөрүнө кол көтөргөн эмес. Үй-бүлөсү үчүн аракет кылып келген. Ал аракеч болсо эки үй куруп, айыл чарба техникасын алат беле? Агам айыл чарба иштеринде айыл элине кызмат көрсөтчү. Учурда агамды каралап, жазадан качуунун жолун издеп жатышат. Ар бири тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейм.

Ооба, туугандардын арасында уруш, пикир келишпестиктер болуп турат. Бирок бул даражага чейин эмес. Айбек туугандардан кечирим суроонун ордуна сөгүнүп, кандай жол менен болсо да эркиндикке чыга турганын айтып жатат. Акыйкаттык, биздин гумандуу сот кайда?! Биз акыйкат чечим чыгат деп үмүттөнөбүз», - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости