www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылдан байкем Бердибек келип:

- Келдибек, Таласка барып, Манастын күмбөзүн көрүп куран окусам деген тилегим бар. Андан ары Чыңгыз Айтматовдун туулган жери Шекер айылына барсам, жолдон согуштун баатыры Чолпонбайдын айылын көрсөм деген ойлорумду качан ишке ашырам билбейм дейт.

- Жүрүңүз эртең жолго чыгып көрсөтүп келейин десем,

- Оо кокуй, убакыттар, Мен бери чыкканда үч кой жоголуп жатты эле, аны издеш керек. Койлорду кыркып, кралинге түшүрүп жайлоого айдаш керек. Ал бүткөндө эле беденин биринчи чабыгы башталат. Көң чапмай, иши кылып жумуш толтура - дейт.

-  Бишкектин үстүндөгү «Мамлекеттик дирекция», «Манас айылы», Манас ордосу», «Мурас биргелешип курушкан «Манас айылындагы» тарыхый-этнографиялык комплексти көрдүңүз беле?~десем.

- Ой, дайыма Нарындан чыкканда, жок дегенде ошол «Манас айылын» көрөйүн деп чыгам дагы, көрбай-шорбай болуп отуруп унутуп кетем - дейт.

- Анда ырас болду, ошол жерди көрсөтүп келейин деп байкемди алып жөнөбөдүмбү.

«Ысык-Көл» мейманканасынан айланып «Манас айылын» көргөндө оозум ачыла ээгим түшмөк тургай 65 жаштан кийинки тиштерим бадырактай ыргып кеткендей болуп, дал болуп талып калбадымбы.

Мактанып дардактап келген жаным байкеме эмне дээримди билбей калдым. Айланайын, «Манас айлына» Манас менен Коңурбайдын арбактарынын чабышы болуп кеткенби? Же бөлөк планетадан бирдеме түшкөнбү же түнкү клубдан чыккан жарым эс жаштарыбыз дискотека кылганбы ташы талкан болуп жатып калыптыр. Ээрчишкен 5-6 кандектер жүрөт. Манастын мунарасында каркылдашып эки карга отурат. Анан да байкем күйгүзбөдүбү «Манас айылына» качан жетебнз деп. Жеттик, ушул «Манас айылы»десем. Карап алып ушундай чоңцорду ашатты дейсиңер, жанына тура албай ары басьш кеттим,

Ушул жерден мен урматтуу депутаттарга, төрагасы Дастан Жумабеков мырзага түз эле кайрылгым келди.

-Урматтуу төрага, депутаттарды чогултуп алып эки автобуска салып «Манас айылына» алып барып, ачык асман алдында көчмө сессия өткөрсөңөр. «Манас айылын» азыркы турушун өз көзүңөр менен көрөт элеңер. Ошол жерден баарыңар жер чапчып кыйкырып, көнүмүш комиссияңарды түзүп, баягы төрт “дарекцияны” текшерип жатып калсаңар ТЭЦ менен тарых музейинен кем болбогон былыктары булаят эле. Мен ушул «Манас айылын» «Ысык-Көл» мейманканасынын артына киши көрбөгөн, барбаган жерге кура баштаганда эле шекшигем. Эми бул жер кароосуз калбагай эле деп. Оюм туптуура келиптир.

 Урматтуу төрага, калган сөз силерден. Жообун күтөм!

Кыргыз Эл артисти, куудул Ниязов Келдибек

Булак: “Фабула”

Последние новости