www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жол салууга бөлүнгөн каражаттан 1 миллион 729 миң сомду өөнөп, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Анда айтылгандай, аталган айыл өкмөт асфальтбетондук жана кум-шагыл аралашмасы менен жолдордун үстүн жаап, оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү иштерине 2017-жылы тендер өткөргөн. Анын натыйжасында “К.К.” фирмасы менен 6 миллион 178 миң 600 сомго келишим түзүлгөн. Жергиликтүү бийликтин жооптуу кызматкерлери аткарылган иштерди кабыл алуу актысына жалган маалыматтарды жазып, ашыкча акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп салышкан.

Аудитордук корутундуга ылайык жолдордун жабдылышын өлчөгөндө көбөйтүлүп көрсөтүлгөн аянт 1580 чарчы метрди, ал эми асфальтбетондук аралашманын калыңдыгы 4 сантиметрди (аткарылган иштерди кабыл алуу актысы 10 см) түзгөн.

Факт боюнча Сокулук районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда деп билдирет Азаттык. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости