www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кошуундары мекемеси кыргыз-өзбек чек арасында киши өмүрү кыйылган окуяга түшүндүрмө берди.
Анда Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнү" айтылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Кабарларга караганда, эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары окуянын чоо-жайын чогуу иликтеп жатышат. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Бирок, социалдык тармактагы каза болгон жарандын видеотасмасына караганда каза болгон жаран эч кандай мыйзам бузган эмес. Бийлик болуп өткөн каргашалуу окуяга терең маани берип, кылдаттык менен карабаса,өзбек чек арачылары кыргыздарды атып көнүп калдыбы? - деген суроо жаралат. Жакын арада эле Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жарадар болгон Асан Үсөнбаевдин бир нече операцияга муктаж. Ошол учурдагы дагы алгач жарадар болгон жаранды Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен деген тыянак чыгарышкан.
Арадан көп өтпөй, Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, жеринен каза тапты. Жергиликтүү тургундар маркумду Кыргызстандын аймагында, Мамай айылында окко учканын айтышууда. Тастыкталган тасмалар бар.
Булак: NazarNews.kg