www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Талант Абдуллаевдин талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова “Азаттык” радиосуна билдирди. 10-апрелде Жогорку Кеңештин профилдик комитети өкмөт сунуштаган талапкерлерди карайт. Талапкерлер боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат берет. Бул тууралуу Азаттык маалымат агенттиги билдирди.

Талант Абдуллаев учурда “Инфоком” мамлекеттик ишканасын жетектейт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен марттын башында кызматтан алынган. Ага чейин Нурбек Абасканов өзүнүн фирмасына лицензия берген деп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү маалымдалган болчу. Мындан сырткары учурда юстиция министринин жетекчисинин, өкмөттүн аппарат башчы кызматы жана биринчи вице-премьер-министрдин орду бош турат.

Буга чейин өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу УКМКга сурак берип чыкканы маалым болгон. Анын жакын тууганы түзгөн деген компания жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости