www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Гүлнур айым, уулуңуздун “Арнас” деген ысымы эмнени түшүндүрөт?

- Казактарда “Арноо” деген ысым бар экен. Бул жөнүндө кийин билдим. Ал эми уулум төрөлгөндө ар намыстуу жигит болсун деген тилек менен кыскартылып коюлган ат болчу.

- Уулуңуз Кытайдагы окуусун качан бүтүп келип, сизди келиндүү кылам деп жатат?

- Быйыл гана окуусун бүтүп мекенине келди. Жакында өзү тандаган кесиби боюнча жумушка орношуп, иштейм деп жатат. Үйлөнүү тууралуу азырынча ойлоно элекпиз. Себеби, өзү даяр эмесмин деп жатат. Мен да уулумду азыр жаш деп ойлойм. Баардыгын убакыт көрсөтөөр.

- Чыгармачылыгыңыз токтоп калгандай. Жаңы эмгектериңизди күтөбүзбү?

- Албетте. Чыгармачыл инсандар ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт. Бирок, баары сен ойлогондой боло бербейт. Мүмкүнчүлүктөр чектелип калат. Биз дагы шартка карап иш кылабыз. Кээде убакыт тар, ден-соолук болбой же башка дагы маселелер чыгып калган учурда чыгармачылык тыныгуу орун алып турат.

- Көзүңүзгө сурма жасатканыңызды байкадым. Каяктан жасаттыңыз?

- Негизи өзүмдүн көзүмдө мурда эле сурма бар болчу. Аялзаты жаш өткөн сайын тери чоюлчаак болгондуктан, ага кам көрүүгө туура келди. Сурманы Кыргызстанда эле жасаттым.

- Эрте жатып, эрте турууну үйрөнүп калдыңызбы?

- Зарылчылык болгондо эрте эле турам. Бирок, мен өзүм табиятыман эрте турганды жактыра бербейм. Шашылыш иш жок болсо, уктап эс алганды туура көрөм. Кеч жаткан адатым бар.

- Үй жумуштарын өзүңүз жасайсызбы?

-Мен шаарга келгенден тарта туугандарымдын кыздары, көп сиңдилерим мени менен бирге жашашты. Көп кыздарды тарбияладым, жашоого үйрөттүм. Ошол убакыттан бери колумдан кыздар үзүлбөй келди. Мага келген кыздар эс тартып турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп кетишти. Азыркы тапта да колумда байкелеримдин, эжемдин кыздары бар. Жардамчыларым көп.

- Былтыркы жылы Сооронбай Жээнбеков президент болгондо социалдык баракчаңыз аркылуу куттуктап чыккан элесиз. Бабанов болсо аны да куттуктайт белеңиз?

- Биздин өлкөгө ким президент болсо да, аны куттуктап коюу ар бир жарандын милдети деп эсептейм.

- Биринчи сүйүүңүз эсиңиздеби?

- Биринчи сүйүүм жолдошума болгон. Ал абдан таланттуу актёр болчу. Экөөбүз театрдан таанышып, баш кошконбуз. Биринчи сүйүүмдөн уулум Арнас бар.

- Айчүрөк Иманалиева менен ыр талашуу чыры эмне менен аяктады?

- Бардыгы мыйзам чегинде бүттү. Себеби, башынан алганда эле ал мага таандык ыр. Ырдын сөзүн акын менен тандап алып, музыкантка алып барып берип иштеп жаткан жеримде ушундай болуп кетти. Жыйынтыгында мыйзам жолу менен чечип, Айчүрөк менден мурда берген бул ырды радиолордон алдыртты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости