www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сох маселеси бүгүнкү күндүн гана маселеси эмес. Кыргыз, өзбек, тажик элдери бири–бири менен жанаша аймакташ жашаган. Бул аймакты колониялаштырып кирген Орус империясы үчүн эл журттун кызыкчылыгы жок болгон. Ошондуктан, Пишпек, Пржевал, Олуя-Ата ойоздору Жети-Суу облусуна кирсе, азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аймактар Наманган, Маргалан,Фергана ойоздоруна баш ийип Түркстан облусуна  кирсе, Баткен облусундагы кээ бир аймактар Самаркан облусуна кирген. Совет өкмөтү улуттар ортосунда жер бөлүштүргөндө, кайсы жерде кайсы улут көп болсо, ошол аймакты тиешелүү республикалар көздөгөн. Ошондон улам  чыр–чатактарга ушул күнгө чейин чекит коюлуп, чек ара маселеси чечилбей келатат. 31-майда болгон Сох анклавындагы  чыр да чек ара маселесине чекит коюлбагандан улам. Бул иш өзбек бийлигинин да зээнин кейитсе керек, Өзбекстандын премьер–министри Арипов  1-июнда бул жакка келгенде, Сох анклавындагы чыр–чатакка аралашкан жердештерин жемеге алыптыр. Ташкен да чек ара маселесин тезирээк чечүүгө кызыкдар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости