www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда диний себептер менен соттолгон адамдардын абактагы абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу 12-майда өлкөнүн көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов билдирди.

Анын маалыматына караганда, абактагы үч бир тууган Мирзаевдер кыйноого алынып, аларга карата Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө беренеси боюнча негизсиз айыптар тагылган.

Икрамовдун айтымында, Абдукарим Мирзаев 2009-жылы февралда 8 жылга соттолгон. Ал диний экстремисттик жана сепаратисттик уюмду түзүү менен конституциялык түзүлүшкө кол салууга айыпталган. 2017-жылдын январында, камактагы мөөнөтүнүн аяктарына бир ай калганда Абдукаримге карата чачын туура эмес алдыргандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, үч жылга эркинен ажыратылган.

Ахмадилло Мирзаев болсо 2006-жылдын майында 5 жылга эркинен ажыратылган. Анын камактагы мөөнөтүнүн бүтөрүнө 4 ай калганда дагы бир кылмыш иши козголуп, 6 жылга соттолгон. 2017-жылдын январында экинчи мөөнөтү аяктап калганда Мирзаевге дагы бир кылмыш иши козголгон. Бул жолкусунда ага төшөнчүсүн жыйнаган эмес деген айып тагылып, 4 жыл 7 айга кесилген.

Абдувохид Мирзаев 2006-жылы экинчи жолу 11 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылдын апрелинде камактагы мөөнөтү аяктаган, бирок туугандары учурда анын каякта экендигин билишпейт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости