www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финалда 26 өлкөнүн өкүлдөрү жарышты

Украинанын борбор шаары Киевде быйыл 62чиси уюштурулган "Евровидение" ыр сынагында «Амар Пелос Доис» аттуу ыры менен Португалияны өкүлдүк кылган Сальвадор Собрал биринчи болду.

Ыр сынагынын финалында 26 өлкөнүн өкүлдөрү жарышты.

Сальвадор Собрал «Амар Пелос Доис» аттуу ыры менен 758 баллга ээ болуп биринчиликти алды.

Болгариянын өкүлү Кристиан Костов «Beautiful Mess» аттуу ыры менен 615 балл алып экинчиликти, ал эми Молдованын өкүлү «Sunstroke Project» тобу  «Hey Mamma» ыры менен 374 баллга ээ болуп үчүнчүлүктү алды.

Сынакта «Skeletons» аттуу ыры менен Азербайжанды өкүлдүк кылган Диана Хажиева 120 балл алып 14-орунду ээледи.

Өткөн жылы Швециянын борбор шаары Стокгольмдо өткөрүлгөн 61-Евровидение ыр сынагын «1944» атту ыры менен Жамала жеңип алгын болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости