www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн куралдуу күчтөрү да элге ок атканын айтты. 

Артыкова qalampir.uz басылмасына берген маегинде адамдарга ок атууга жоопкер деп табылган айрым аткаминерлер жазага тартылганын кошумчалады. Бирок кимдер жазаланганын ачык айткан жок.

Белгилей кетсек, 2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кан төгүүдө, расмий маалымат боюнча, 187 киши өлгөн. Эл аралык коомчулук Анжиян апааты боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү суранган, бирок Ташкент буга макул болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости