www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инстаграмм баракчасында жаш кыздын белгилүү, чөнтөктүү депутаттын көңүлдөшү экенин баяндаган аккаунт пайда болгон. 

Ал баракчада коомго аттын кашкасындай таанымал депутат менен бирге түшкөн сүрөтүнө кошулуп каты да жарыяланып кеткен. Бирок тез эле ал баракча өчүрүлгөн.

Социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн жаш кыздын депутатка арналган каты толугу менен төмөндө берилди.

"Сыртта кар жаап жатат. Күн суук. Бири-бирине жанаша көк асман тиреген көп кабаттуу үйлөр тынымсыз элдин агымын үстүртөн карап тургансыйт. Бул жашоонун, менин тагдырымдын катаалдыгы дене бойду титиреткен дал ушул кышты элестеткенсийт.

Сүйүүнүн көзү сокур, кулагы дүлөй болорун сезсем да мойнума алгым келбейт. Студенттик күндөр мени армандуу сүйүү менен коштоду. Сабактан чыгып капысынан артыман машинаны сигналын угуп чочуп артка кетенчиктедим. Артымда аппак болгон лангкрузер машина турганын байкадым. Ичинен чачы буурул тарткан жүзү тааныш адам, тактап айтканда сен түшүп мени көздөй бастың. Шашып кетип учурашып, кечирип коюңуз байкабай жолдун ортосуна басып алдым”- десем “боло берет деп мени жоотконуп жеткирип коюуга уруксат сурадың. Сылык сыпаалыгың менен менин жүрөгүмдөн орун алганыңды сезбей калдым.

Ошол күндөн тартып экөөбүздүн мамилебиз жакшырып, чиелене баштады. Аялыңдын балдарыңдын бар экенин билсем да баарына кайыл элем.

Интернет тармактарынан сени канчалык жамандап жегич, келесоо депутат десе ичим ачышып алардын оозун жамап койгум келет. Сен элдин эмес менин гана депутатымсың. Ар бир жолугушууга өзгөчө белек алып бересиң. Ар бир алып берген белегиң менин тумбочкамдын үстүндө сени эстетип турат.

Сенин сүйүүңө арбалып, артыман ээрчиген жаш жигиттерди көрбөй калдым. Сен мага жакын адамымсың, атамсың ааламымсың. Жакында аялың мага чалып эгер байланышыңды токтотпосоң балдарга салып берем деп коркутканга чейин барды. Ага да кайылмын. Ал сенин аброюңа шек келтирип өзүнүн абийири ачылып калаарынан коркоорун, сени жоготсо кымбат көйнөк менен алтын сөйкөдөн куру калаарын жакшы түшүнөт. Чынын айтсам мен да кымбат баалуу белектерден куру калгым келбейт.

Алып берген үйүңө ыраазымын, аткени кайсы учур болбосун сени каалаган кийимим менен тосуп алам. Эч ким тоскоол болбойт. Эми сенден төрөгүм келип жатат. Жакында жоготкон балама ичим ачышууда. Элден коркуп канчага чейин жашырынып жүрөм…" деп жазган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости