www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак-өзбек чек арасынан өтө албай турган 776 тажикстандык жаран үйлөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Ара жолдо калган мигранттар менен чогу Өзбекстандагы 140 тажикстандык жаран да мекенине кайтарылды.

Тажик жарандарын мекенине жеткирүү иши Эл аралык миграция уюмунун, ЮНИСЕФтин жана Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

3-июлда казак-өзбек чек арасындагы «Жибек Жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 2 миңге жакын Тажикстандын жана Өзбекстандын жараны топтолуп турганы кабарланган. Алар бир нече жумадан бери өткөрмө бекетке жакын жайгашкан автобус станциясында жашап жатышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости