www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок курчуп кетиши ыктымал болуп турат. Бул тууралуу журналисттерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн коронавируска каршы ыкчам штабдын отуруму өтүп, облусту жабуу маселеси көтөрүлдү, бирок андай чара көрүлбөй турган болду.

Кожоев белгилегендей, облустун ар бир тургуну өз ден соолугуна өзү кам көрүшү керек деген чечим кабыл алынды.

"Буга чейин инфекция жугузуп алгандар бирин-серин эле катталып жаткан болсо, азыр ондон, кээде 20дан ашып кетип жатат. Ошондуктан абал курчуп кетиши мүмкүн. Облусту жапкан күндө да кайра ачканда экинчи толкун болуп, андан да көп болушу мүмкүн деп бизге дарыгерлер айтышты. Андыктан биз облус тургундарына «райондон районго же башка аймактарга каттаганды коё тургула» деп кайрылмай болдук. Ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн өзү кам көрсүн деп чечтик. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болушту", - деди ал.

Ысык-Көл облусунда кычкылтек концентраторунан 193 даанасы бар, анын 34ү иштебейт. Ал эми жасалма дем алдыруучу 45 аппараттын 13ү иштебей турат.

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды (алардын 221и Ысык-Көл облусунда). Оору жугузуп алгандардын 92си кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.

Ысык-Көл облусу - Кыргызстанда жайкысын эс алуучулар эң көп каттаган аймак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости