www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Афганистандын бийлигин басып алгандан кийин Борбор Азиядагы коңшуларына коопсуздукту, алардын ички иштерине кийлигишпесин жана террористтер менен кызматташуудан баш тартарын убада кылды. Өзбекстан менен Түркмөнстан талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан чакта Тажикстан Кабулдагы жаңы бийликти таанууга шашылган жок.

Эмне үчүн бири-бирине жакын мамлекеттер ар түрдүү жолдорду тандап алышты жана ага Орусиянын таасири барбы?

24-августта Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Исламабаддан Душанбеге учуп барган. Бул талибдердин белгилүү тарапкери Курешинин Афганистандын кошуналарына болгон сапарында биринчи токтогон жери болчу. Бул сапардан он күндөй мурда талибдер Кабулга кирип барып, президенттик сарайды басып алышкан эле.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокко көп деле кубанган эмес. Күтүүсүз сапардын максаты ага түшүнүктүү эле болчу, ошондуктан ага көңүлү көтөрүлгөн эмес.

Расмий Исламабад кошуна Афганистанда болуп жаткан окуялар боюнча нейтралдуу позицияда экенин айтууну жакшы көрөт. Бирок эл аралык эксперттер башкача ойдо: дал ошол Пакистандын колдоосу Талибандын ийгиликке жетүүсүндө чоң роль ойногон.

Талибдерге оң көз карашын жашырбаган Куреши Рахмондун Кабулдагы жаңы бийликке карата кандай ойдо экенин жакшы билчү. Алардын жолугушуусу жабык эшик артында болуп өттү. Көз караштардын ачык эле тирешин жана басма сөз кызматтарынын кыскача жоопторун эске алганда, Куреши Рахмонду ынандыра алган жок, бирок ал аракет кылган болчу. Мисалы, “Пакистан Афганистандагы инклюзивдүү өкмөттү түзүүнү колдойт. Ага бардык элдердин өкүлдөрү активдүү түрдө кирип катыша алат” деген билдирүүсү муну айгинелеп турат.

Бул аракеттен майнап чыккан жок. Жолугушуудан кийинки күнү Эмомали Рахмон төмөнкү билдирүүсүн жар салды.

--"Тажикстан Афганистанда басмырлоо жана куугунтуктоо жолу менен, бүткүл афган элинин, бардык улуттук азчылыктардын позициясын эске албай туруп түзүлгөн эч кандай өкмөттү тааныбайт", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости