www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Акевдин бийликке келиши, А.Масалиевдин тагдыры...

V бөлүм

Депутат С.Таабалдиев: (Эркебаев эмес. Таабалдиев деп жазылган стенографияда - А. Б.) Абсамат Масалиевич, менимче, биз туура иш кылбай жатабыз. Биз бүгүн регламентти талкуулай баштадык эле, жолдош Текебаев бизди Конституцияны талкуулоого өткөрүп жиберди. Эмне үчүн? Бул биринчиси, экинчиси, Конституция боюнча жанагы добуш берүүнү мен түшүнбөй калдым. Биз Конституциянын пункттарын кабыл алдыкпы же Текебаевдин сунушун четке кактыкпы?

Менимче, Конституция жөнүндө сөз кылганда, бекем эрежелерге таянышыбыз керек... Балким, алдын ала туруктуу комиссиядан өткөрүшүбүз керек. Ошондон кийин анан добушка коюлууга тийиш... Биз азыр эмне үчүн добуш бердик?..

Председатель А.М.: - Мен сизди түшүндүм. Ооба, муну моюнга алыш керек. Роба Насыровна, 6-, 7-статья жөнүндө эмес, регламент жөнүндө доклад жасабадыбы... Биз Конституция эмес, регламент жөнүндө сөз кылып жатып, Конституцияга өтүп кетиптирбиз. Биз баарыбыз бул жерде чаташып калыптырбыз. Эми оңдоп кетели. Конституцияга өтүп, аны талкуулай баштаганда, анын статьялары жөнүндө сөз кылабыз. Менин орун басарларым эки жагымда отуруп алып, мага жардам беришпей жатат. Туура эмес болгондо эскертип турушпайбы? Ушуну эске алсаңар (аталган стенографиялык отчет, 149-150-бб.).

Мына окурман, мен бул стенографиялык отчеттун бир нече барагын бекер көчүргөн жокмун. Мыйзам чыгаруу ишине мурда аралашпаган, тажрыйбасы жок, жаш, жаңы депутаттар батыштын бийлик бөлүштүрүү боюнча бир нече принциптеринин бирин гана туу тутуп: «Бийлик классикалык түрдө үчкө бөлүнөт, президенттик бийлик аткаруу бийлигине кирип кетет...» - деп, бийлик бөлүштүрүүнүн америкалык формасындагыны айтып, күн тартибиндеги бир маселени бүтпөй туруп, экинчисине өтүп, кайра биринчисине кайрылып, аягын да баарын аралаштырса, экинчи тажрыйбалуу дегендерибиз үйрөнгөн, көнгөн эски адаттарынча бийликтин партиялык советтик аралашкан түрүн Москва менен кеңешип: «Бул жаңылык экен, ушул законго ылайык деп табылды - деп, аны бузулбас, оңдолгус сыяктуу, бекем турган консерватор коммунисттер менен бийлик бөлүштүрүүнүн бир гана америкалык түрүн билишкен, аны классика» деп туу тутунган, жаш, жаңы батышчыл демократтардын күрөшү ушинтип башталган.

Ушундай деңгээлдеги саясатта жаш, жаңы депутаттардын мамлекет, бийлик саясаттагы көз караштары далай өзгөрүлөт. Ошентип саясий күрөштө айрымдары такшалат. Кээ бирлери аткаминер чиновникке айланат. Ушул көрүнүштү К. Акматов өзүнүн «Окуялар, адамдар (Миң бир күн)» – Б., 1998. китебинде... 1996-жыл 31-августунда аны көз карандысыздыктын 5 жылдыгына карата салтанаттуу майрамына чакырбай койгонуна ыза болуп, китептин эки бетине жазып, анан: «1990-жыл 12-шайланган Жогорку Советтин биринчи сессиясында... Замандаштар жана документтер күбө... 2–3 эле «демократ» депутат А.Масалиевдин жакасына жармашкан элек (А.Эркебаев, Ө.Текебаев, өзү ж.б). Анда койгон талабыбыз айтпадыкпы, мамлекеттик бийлик менен партиялык бийликти ажыратуу... (Аталган китеп 125 бег)». Ошол сессиянын жүрүшүн мен да Казат агай айтмакчы документтерге таянып, кененирээк бердим.

Салыштырып окуп көрүшсүн, ошол кездеги «2-3 демократ депутаттар эмне деген маселени кантип көтөрүшкөнүн. Чын-чынында ошол 2-3 демократ депутат күн тартибине келгенде кайра ошол партократ А.Масалиевдин «кайсыл жерге кошолу дейсиз?» деген суроосуна негиздеп да жооп айта албай, күн тартибиндеги маселелерди чаташтырып, кыргызча айтканда, баш ооруткандан башка алгылыктуу сунуш беришкен эмес.

Кудайга шүгүр, араларында Эркебаевби же Таабалдиевби, ушуларга окшогон «тримзектер» болгонуна. Анткени стенографиялык отчетто С.Таабалдиевдин фамилиясы, округу көрсөтүлгөнү менен председатель А.М. депутат А.Эркебаевге сөз бергени толук жазылып калган. Жогорку Советтин регламентин талкуулап жатканда, депутаттар ары кетип, бери кетип, бири кеп партиялуулукту киргизели десе, төрага Масалиев баш болгон коммунисттер: «Бизде азырынча бир эле Компартия бар. Башка партия жок, эгер саясий партиялар түзүлсө, ошондо өзгөртөбүз», - дешип, айткан ой-пикирлерди эске алып, акырында юристтер менен бирге иштеп чыгуу үчүн редакциялык комиссияга берилсин деп, добуш беришет. Добуш берүү учурунда да тартипсиздик болгонун председатель: Тигинде бир депутат олтуруп алып, каршы десе деле, калыс десе деле добуш берип жатат.

Менимче, мындай депутатка мындан ары сез бербей да койсок болот. Өйдө туруп, көрүнүп депутаттарга көрүнүп койсоңуз, жолдош Текебаев (аталган стенографиялык отчет, 158-б.). Андан соң Конституцияга өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча мыйзам долбооруна кайра кайрылышат. Сөз А.Эркебаевге берилет.

Ал: - Абсамат Масалиевич, ушунчалык чоң тажрыйбаңыз бар, көп чогулуштарды башкаргансыз. Өзүңүз туура айтып кеттиңиз. Биринчиси, сессияда башаламандык көп болуп жатат... Экинчиси, бул жерде чыгып сүйлөп жаткандарга сиз комментарий берип жатасыз... 350 депутат бирдей укуктагы адамдар... Эгерде сиздин пикириңиз болсо, баарын жазып олтуруп, акырында ар бир маселени жыйынтыкташыңыз керек... Урматтуу депутаттар, айрыкча кандидатураларды караган учурларда... Тааныбаган кишилерге кол көтөргөндү койсок, бизге күн мурунтан баары берилиши керек эле да...

Председатель А.М.: - Жолдош Эркебаев, кечиресиз, мен дагы бир жолу кийлигишишим керек. Себеби менин милдетим ушундай. Биз азыр Конституция боюнча суйлөшүшүбүз керек, мындай маселелер болсо жана суйлөшкөнбүз, ал маселелерди кийин айтсаңар. Жолдоштор. Конституция жөнүндө сүйлөйлү деп, Масалиев Эркебаевдин «акылын» укпайт (стенографиялык отчет, 159-160-66.).

А.Акаев (СССРдин жогорку Советинин депутаты): - Мен кечээ кунт коюп таанышып чыктым, закондун долбоору менен көп иш жасалган. Колдой турган көп статьялар бар... Бирок үч жагдайды белгилеп кетүүнү туура табам: биринчиси, 6, 7, 49-статьялар боюнча жана айрым жолдоштор сүйлөп кетишти. Эгерде биз бир законго түзөтүү киргизип жатсак же аны оңдоп жатсак... Союздук закон менен республикалык закондун ортосунда логикалык байланыш болуш керек...

Биз президентти бекиткен закондо (СССРдин Конституциясын айтып жатат) 6, 7, 51-статьялар анда формулировкалары бир катар башка... Республикадагы кырдаалды эске алуу керек... 6, 7, 49-статьялар такыр башка болуп калыптыр. Союздук закондо Компартия өзүнчө бөлүнгөн эмес, биздин долбоордо Кыргызстан коммунисттик партиясы деген кошулган. Ал эми союздук закондо өзүнчө бөлүнбөстөн, бардык партиялар, коомдук уюмдар... бирдей берилген.

Ушул сыяктуу союздук закондун 51-статьясында Компартия өзүнчө бөлүнбөстөн, башка саясий партиялар, коомдук кыймылдар... бир катарга коюлган. Мен силерден өтүнөр элем, эгерде туура көрсөңүздөр, биз деле өтө эле өзгөчөлөнбөсөк, Өзбекстандын долбоорун салыштырып көрдүм (ал кезде Өзбекстанда президент шайланып калган - А.Б.). Эгерде өлкө боюнча саясий темабыз бир болгондон кийин биз үч принципиалдуу статья союздук законго ылайыктуу түзүлсө, ошондо кандайдыр бир өзгөчө бир партияны өйдө коюу туура болбойт эле.

Менин өзүмдүн принципиалдуу көз карашым бар. Биздин өлкөдө кырдаал абдан жакшы, тынч. Буюрса, ошондой болсун, бул жагынан биздин БКнын пикирине кошулам, ошондой эле биз... Тилекке каршы, өтө эле катуураак болуп жатабыз, бир кичине кыймыл болсо эле коом түзөлүк десек, эне тил, кыргыз тил... же Ата Мекен... ушуну эмне кыласыңар деген көз караштар болуп келди, менимче, ушул туура эмес.

Анткени биз ошентип олтуруп, бүт баарынан артта кала турган болдук, жолдоштор. Бизге эч кандай аша чабуунун кереги жок, бизге Союзга, Прибалтикага жетиш үчүн 10-15 жыл керек, эң куру дегенде. Экинчи, жана айтылып кетти, 108-статьяда өлкөнүн президентине берилген кеп укуктары тууралуу. Бирок ушул жерде, менин оюмча, президенттин өзүнүн милдети бар, саясий илимде, юридика, мамлекеттик бийликте өзүнүн милдети бар.

Орду-орду менен карап чыксак. Биз шашпастан терең изилдеп, кийинки бир сессияда караштырсак... Анда президенттик бийлик менен председателдин укуктарын дал келтирип салсак болбойт (стенографиялык отчет, 160-161бб)

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости