www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги Орусиядагы өзбек мигранттары бир жолку төлөмдөрдү алышат деген соцтармактардагы билдирүүнү четке какты.

Мекеменин билдирүүсүндө Өзбекстан президентинин жарлыгы менен Орусиядагы мигранттарга 9 539 рублдан (132 АКШ доллары) төлөнүп берилет деген маалымат калп экени айтылган.

Билдирүүдө мындай жалган маалыматтар коомчулукту адаштырып жатканы, бул төлөмдү алып берүүнү убада кылып, айрым жарандардан белгилүү бир сумма талап кылган учурлар кездешкени кошумчаланган.

Агенттиктин маалыматына караганда, оор турмуштук абалга кабылган эмгек мигранттары каржылай жардам үчүн www.birgamiz.com. платформасына гана кайрыла алышат. Мекеме жардам алуу үчүн эч кандай төлөм алынбай турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости