www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Баңгилик топтун мүчөсү кармады

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарды даярдоо, аларды Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын А.Масалиев жана Д.Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота-Эстима» маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, Б.Ж. аттуу жаран баңгилик топтун катышуучусу. Ал баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу кызматын аткарып жүргөн.

Жогоруда аталган авто унаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай өзгөчө жытына ээ, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 3 кг жалпы салмактагы каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Азыркы учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости