www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өкмөткө үч айда жумуш тобун түзүп, өзбек алфавитин латынчага толугу менен которуу боюнча жол картасын иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу Өзбек тилин өнүктүрүү чаралары жөнүндөгү жарлыкта айтылат.

Документте каржылоонун булактары жана көлөмү так көрсөтүлүшү керек.

Шавкат Мирзиёев ушул эле жарлык менен Өзбек тилин өнүктүрүү жана 2020-2030-жылдарга карата тил саясатын жакшыртуу консепциясын да бекитти. Документке ылайык, 2030-жылга чейин бала бакчалардын 80% өзбек тилине өтүп, өзбек тилин окутуу жумасына 84 сааттан 110 саатка чейин көбөйүшү керек. Мындан тышкары чет өлкөлүктөргө өзбек тилин окутуу боюнча программа түзүлөт.

Эске салсак, 2019-жылы майда тилчилер латынчага негизделген өзбек арибинин жаңыртылган добоорун сунушташкан.

Белгилей кетсек, жаңы алфавитте 30 белги: 29 тамага жана ажыратуу белгисин аныктоочу апостроф бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости