www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 21-октябрь күнү Талас ОИИБнин жыйындар залында  кеңешмеге Талас шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, Талас ОИИБнин жетекчилик курамы жана кызмат башчылары катышты. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Облус аймагындагы криминалдык абал, жалпы кылмыштуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү милициянын ишмердүүлүгүн талкуулашты. Ар бир кылмыштын түрү боюнча токтолуп, себептерин аныктоого жана кылмыштын санын азайтууга карай багытталган иш-мерчемдер каралды. 

Райондук ички иштер башчыларына мал уурулук боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү керектиги айтылды. Талас ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков кызмат башчыларына коронавирус инфекциясы күчөп жатканын эскертип, санитардык режимди сактоону, ага тиешелүү профилактикалык иштерди жандандырууну  жана ар бир кызматкердин саламаттыгына кам көрүүнү буюрду.

Облус аймагында катталган резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу максатында иш чараларды күчөтүү үчүн тапшырмалар берилди. 

Булак: NazarNews.kg


 

 

 

 

 

 

 

Последние новости