www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анткени ошол ар бир билим алган жаштар өзү барган өлкөгө билинбеген менен окуу акысына, жатакана, коомдук транспорт, жеген тамак-ашы жана башка чыгымдары кошулуп отуруп көп эле акча чегерет. Кыргызстан да мындай чет элдик студенттерден кур эмеспиз. Мисалы, кыргыз-түрк “Манас” университетинде бир эле кыргыз жаштары эмес, кошуна Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ал тургай Түркиянын өзүнөн студенттер келип билим алышат.
Мындан тышкары Кыргызстан эл аралык университетинде негизинен индиялык, пакистандык, ооганстандык, Медакадемияда да ушул өлкөлөрдөн, Борбор Азиядагы Америка университетинде да ар кайсы өлкөлөрдөн студенттер билим алышат. Ал эми өлкөбүздүн түштүгүндөгү Ош жана Жалал-Абад облусттарындагы ЖАМУ, ОшМУ жана башка университеттерде кошуна Өзбекстандан жаштар келип билим алышууда.
Бирок жакында бул өлкөнүн жетекчилиги өз жаштарын чакыртып алууда деген маалымат тарады. Бул жагдай тууралуу журналист Манас Осмон социалдык тармактарга өз пикирин мындайча калтырды: “Уктуңар да, Өзбекстан биздин ЖОЖдордогу студенттерин шашылыш чакыртып атат. Бул окуя кыргыз билим берүү министрлиги үчүн өтө уят иш. Мындай маселеде эмне деп актансак да, кыргыз билим берүү системасынын ашмалтайы бүткүл дүйнө жүзүнө ашкере болду.
Абылгазиевдин өкмөтү менен билим берүү министрлигине "мындай ашмалтай" баары бир болсо, анда, бүткөн экенбиз! Эки күндөн бери соцтармактарда кызуу талкуулар жүрүп, Өзбекстандык студенттер үчүн окуу шартынын жоктугу жана кош көңүл мамиле тууралуу пикирлер айтылып атат. Чама-чаркына карап иш кылбагандардын айынан өлкөбүз уят болду.
Мындай чаласабат аракети үчүн ОшМУнун былтыркы ректору, азыркы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кызматын тапшырсын дегендер четтен табылат. Бийлиги төш, соцтармагы каш болуп, апендинин кызындай мактап, үлкөн кызматка сүрөмөлөшкөнү менен билим берүү реформасы алга жылбай, билим сапаты начарлады.
Бирок, коомчулук коңгуроо какса деле өкмөттүн үлкөндөрүндө үн жок. Баягы эле "мага тийбеген жылан миң жыл жашасын" принциби! Эгер биздеги өзбекстандык студенттердин чакыртылып алынышынын себеби чындап эле ушундай болсо, анда бир гана министрлик үчүн эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин эл аралык аброюуна көлөкө түшүүдө...
Булак: "Майдан.kg"