www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаков кызматтан эмнеге алынды?

Анткени өкмөттүн күч органдарын, чек ара маселесин көзөмөлдөгөн, вице-премьер-министр рангындагы бул жетекчиге акыркы мезгилде коомчулук арасында нааразычылыктар өтө күчөп кеткен болчу. Бирок, расмий маалыматта Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулгандыгы айтылууда. Ооба, Жеңиш Парпиевич деле улам улам чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасына өрт өчүргүчтөй жетип барып, адам өлүмүнө чейин жеткен эки өлкөнүн жарандарынын тирешүүлөрүн токтотууга, жараштырууга кошкон салымын адилеттик үчүн айтып коюуга тийишпиз.

Акыркы күндөрү эле тажик тарап менен жерди алмашуу боюнча макулдашып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан. Анан кантип эле өз арызы менен кызматтан кетип калды? Жок дегенде ушул ишти бүтүрбөйт беле?! Тилекке каршы катардагы милиция кызматкеринен оболу облус губернаторлугуна, андан кийин вицеликке чейин жеткен карьералык секириги шектенүүлөрдү жаратпай койбойт.

Анын “ишмердүүлүгү” боюнча жазган айрым кесиптештерибиз алды миллиондогон сом доого жыгылып, арты сотко чуркап жүрүшөт. Парламентте да Ж.Разаковдун дарегине көп сын-пикирлер айтылып, Ж.Акаев “Кызматтан кетсин!” десе, Ы.Момбеков “Куратор эмес эле кууратар болду”,- деп азил-чыны аралаш адаттагыдай куйкум сөздөрү менен туздаган. Профилдик комитеттин төрагасы И.Пирматов болсо, кыргыз-тажик чек арасынан күндө 1,5 миң тонна (300-400 машина) аткезчилик жүк өтүп турарын айтып, суроо бергенде, алгылыктуу жооп болгон эмес. Мындан тышкары кыш чилдеде алыскы Баткен, Лейлектен бери карапайым адамдар келишип, Ак үйдүн алдында “Жеңиш Разаков кетсин!”,- деп кыйкырышып, ураандарды көтөрүп турушту.

Демейде, баткендиктер кой оозунан чөп албаган, жөн жерден эле бирөөгө асыла бербеген, болгондо да мамлекеттеги 4-5 деңгээлдеги жердешине бекер нааразы болушпаса керек. Сыягы, мамлекет башчыбыз эл менен депутаттардын назарынан калган ишенимдүү чоросунан ары карап ыйлап, бери карап күлүп, арылууну чечкен окшойт...

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости