www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Кашкадарыя облусуна караштуу Касан районунда жергиликтүү бийлик фермерлер өздөрү эккен буудайды уурдап кетпесин деп мугалимдерди, банк жана салык кызматкерлерин талааларды кайтарууга мажбурлоодо. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Аймактагы мектептердин биринин директору район акими Убайдулло Очилов мугалимдерди күч менен талаага чыгарып жатканын ырастаган:
"Талаада милиция жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери жүрөт. Биз болсо кошумча көзөмөлдөөчүлөрбүз. Фермерлерди көргөндө уялып кетебиз. Бардык оор жумушту алар жана алардын жумушчулары жасайт, биз болсо аларды көзөмөлдөп жатабыз. Мындан тышкары байкуш фермерлер бизге окшогон ондогон бекерпоздор үчүн эки маал тамак уюштурушууда. Мындай шумдук иш Мирзиёев премьер-министр кезде да болгон", – деди ал.
Касан районунун акими Убайдулло Очилов бул маалыматты четке какты:
"Мен мугалимдерди карантин киргизилгенден бери көрө элекмин. Фермерлерди көзөмөлдөө боюнча аларга эч кандай тапшырма берген эмесмин", - деп айткан Очилов.
Өзбекстанда буудай түшүмүн жыйноо милициянын көзөмөлү менен жүрөт. Мындай тажырыйба Шавкат Мирзиёев премьер-министр болгон кезден бери эле бар.
Булак: NazarNews.kg