www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын ЖОЖдоруна документ тапшыргандардын арасында эң улуусу 95 жашта. Ал быйылкы абитуриенттер менен кошо документтерин тапшырган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тест борборунун жетекчиси Сардор Раджабовго шилтеме берип өзбек басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, быйыл 95 жаштагы өзбек жараны жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документин өткөргөн. Ал карыя "экономика" багытын тандап алганы белгилүү болду.

“Жогорку окуу жайына тапшыргандардын ичинен эң жашы 13 жашта жана эң карысы 95те. Быйыл ЖОЖдорго документтерди тапшыргандардын жалпы саны 1 миллион 484 миң 85ти түздү”, - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы эң жаш абитуриент 14 жашта болсо, картаңы 87де эле. 80 жаштагы Тохтамиш Султанов – 52,2 балл алган, ал эми 78 жаштагы Маматкул Бердиалиев  - 42, 1 балл алып, тилекке каршы, окууга өтпөй калган.

Сүрөттө ЖОЖго окууга өтпөй калган Маматкул Бердалиев. Ал 30 жылдан бери фермерлик менен алектенип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости