www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-июлда Бишкекке Башкортостандан 50 медицина кызматкери келип, облустарга бөлүнгөн. Бүгүн, 24-июлда орусиялык дарыгерлер тобу Ош шаарына барышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ош шаарына орусиялык дарыгерлер тобу келишти. Аларды Ош эл аралык аэропортунан шаардын вице-мэри Эмиль Шадыханов менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алды", - деп айтылат маалыматта.

16 дарыгер Ош шаарында жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет. Мындан тышкары Москвадан 2 вирусолог да кошо келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости