www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Өзбекстандын Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору, география илимдеринин доктору Вахоб Рафиков Өзбекстанда жер аянттары чөлгө айланып бара жатканын эскертти. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Бул процесс жыл сайын күч алууда. Мисалы, Өзбекстандын түштүк, чыгыш, түндүк жана барган сайын батыш аймактарында чөлгө айлануу процесси ылдамдап баратат. Карначул, Мирзачул, Шерабад, Далварзин, Каракалпак чөлдөрүнүн чектери кеңейүүдө. Аларга акыркы жылдардагы эң жаш чөл - Арал деңизи кошулду", - деген Рафиков.

Муну менен ал ар бир мүнөт сайын Өзбекстандын 9 чарчы метр жери чөлгө айланып жатканын айткан.

Ошол эле учурда Рафиков бул көйгөйгө эртерээк чара көрүлбөсө, 2030-2040-жылдары түшүмдүү жерлер Ташкентте жана өрөөндүк аймактарда гана калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости