www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы Өзбекстанда тарыхта биринчи болуп көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мындай маалыматты Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов таратты.

Бул боюнча 8-сентябрда Ысык-Көлдө Өзбекстандын Көк-бөрү федерациясынын жетекчилиги жана Өзбекстан спорт министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду.

“Азырынча дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күндөрү өтөөрү белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Турнир көк-бөрүнүн эрежелери боюнча тайказан менен өтөт”, - деп билдирди Ж.Саматов.

Жолугушууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген 11 мамлекеттин өкүлөрү катышкан, алардын арасында Казакстандын өкүлдөрү да болгон.

2017-жылы Астанада көкпар (көк-бөрүнүн казакча версиясы) боюнча алгачкы дүйнөлүк чемпионат өткөн – алардын эрежеси боюнча тайказандын ордуна жерге чийилген айланалар колдонулуп, үч таймдын ордуна эки тайм ойнотулган. Турнирдин финалында Казакстандын курама командасы Кыргызстанды жеңип алган. Ал беттеште казак оюнчулары тарабынан оюн эрежелерин одоно бузуулар, кыргыз жигиттерин кайра-кайра камчылап сабоолор катталган жана калыстардын аларга көз жумду мамилеси байкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости