www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.

-Улан эфирге чыгат дегенде Атбашыда болобу, Лейлекте болобу карапайым телекөрүүчүлөрдүн бардыгы телевизордун астына келип көрөт эле. Уланга жетекчилик бир теманы учкай айтса, калганын өзү изилдеп, казып чыгып, эфирге көрүнүктүү, жагымдуу кылып алып чыкчу. Кыргыз журналистикасында Уландай киши саналуу гана. Коррупцияны, көпөстөрдү жаман көргөн, аруу, таза дүйнөсү бар эле. Мындайлар азыр кыргыз коомуна  абдан керек. Журналистикада болобу, саясатта болобу дайыма адилеттүүлүктү издеп турчу. Кече үйгө барсам Уландын ата-энеси айтат, 40 күн бою Кочкордогу Көк-Жар айылына Нарындан болобу, Таластан болобу, Баткенден болобу кыскасы, өткөн-кеткендин баары кирип, куран окуп, көңүл айтып жатышты деп. Жалпы карапайым элимдин сүйүктүү адамына айланган болчу. Маселесинин чечилишине ишенбей, соттон да көңүлү калгандар, акыркы үмүтүм деп Уланга кайрылышчу. Уландын иши унутулбайт. Өзгөчө “Азаттык”, анын ичинде достору Каниет Уландын атынан фонд түзүп, жаш журналисттерге конкурс жарыялап, жакшы иш-чаралар байкалууда. Колдон келишинче колдоп берели”, - деди депутат Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости