www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-мартта Ташкентке Парижден кайткан аял жана анын уул-кызынан тышкары алардын үй-бүлөсүнө тиешеси жок дагы бир өзбекстандык коронавируска чалдыкканы айтылды.
Билдирүүдө илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илимий изилдөө институтунун клиникасына жеткирилген.
Ал эми төртүнчү киши 15-мартта таңга маал Өзбекстан Аба жолдору компаниясынын Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген.
Белгилей кетсек, 15-мартта, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учуру катталган.
Эске сала кетсек, Өзбек бийлиги ооруну жайылтпоо үчүн чараларды көрүүдө. 16-марттан тарта бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабыла тургандыгы айтылган.
Мындай чечимди коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн ыкчам штаб кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg