www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеке ишкер Урмат Барыктабасов Өкмөткө Кыргызстанда коронавирус катталып калса Ысык-Көлдөгү бардык шарты бар 45 орундуу мейманканасын пайдаланууга бекер берүүнү сунуштады.
Төмөндө ишкердин сөзү өзгөртүүсүз берилди:
“Урматтуу Премьер-министр! Түзүлгөн кырдаал оор болуп турат.
Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын. 45 оорулуу адам жаткырса болот.
Бүт шарты бар: ысык суу, муздак суу, ашканасы ж.б.у.с. Мамлекет оор кырдаалда турганда жардамымды аябаймын.
Бекер пайдалангыла...
Коронавирус шамалдан коркот, Балыкчынын абасы кургак, оорулуу адамдар тез сакайып кетет.
P.S. Угушума караганда шарты жок жерге ооруган адамдарды жаткырган жатышыптыр. Жакшы шарты бар жер сунуштайын.
Оорулуу адамдардын көңүлү көтөрүлүп тез сакайып кетет.
Алланын ыраазычылыгы жана элимдин саламаттыгы үчүн”,-дейт Урмат Барыктабасов.
Анын мындай демилгеси социалдык тармактын колдонуучуларынын колдоосуна жана алкоосуна татыды.
Ишкердин мейманканасынын сүрөттөрүн кошо жүктөгөн
Эске сала кетсек, Кыргызстанда азыркы учурда илдетти жуктургандар каттала элек. Коронавируска шектелип өлкөбүздө 2 миңге чукул киши тесттен өтүп, алардан аталган илдет табылган эмес.
Булак: NazarNews.kg