www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы алып сатарларга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган ведомстовнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта билдиргендей кармалгандар бар. Акыркы күндөрү республиканын айрым базарларында жана дүкөндөрүндө кээ бир товарларга суроо талап жана массалык сатып алуу көбөйдү. Ошондон улам, кээ бир адамдар кырдаалды пайдаланып кетүүгө аракет кылып, мыйзамсыз акча таап алууга аракет кылышкан.

Ушуга байланыштуу финпол тарабынан жумушчу топ түзүлүп, алар күнү-түнү товарлардын баасын көтөрүп салган  пунктарга барып, текшерип чыгышты.

Финпол тарабынан айрым товарлардын баасын көтөрүп, алып-сатууга аракет кылган ишкерлерге “Монополиялык иш-чаралар жана атаандаштыкты чектөө” беренеси боюнча бир катар сотко чейинки өндүрүш иштери козголду.

Кечээ, 15-мартта Финполго билдирүү түшүп, “Көлмө” жаңы конушуна шашылыш түрдө барышкан. Тиешелүү иш-чаранын жүрүшүндө 100 миң сомдон ашуун суммадагы буудай уну табылган. Ошондой эле, финполдон билдиргендей, ундун орто баасы 1200/1500 болуп жатканда, ал жакта бир кап ундун баасы 1800 сом турган.

Финпол бардык алып сатарлар туураалуу Манас 101/1 дарегине же 0312 323 091, 0312 323 707 номурларына байланышып, кабарлоону суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости