www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттер кадимки режимде иштөөдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ушул тапта “чек аралардагы өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатат. Өткөрүү пункттарынын мындан аркы иши боюнча сүйлөшүүлөрдү эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери жүргүзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Өзбекстандын жарандарынан өпкөнү сезденткен жаңы вирус аныкталгандан кийин, Өзбекстан чек арасын жабып, авиакаттамдарын токтотконун билдирсе, Казакстан өзгөчө кырдаал жарыялаганын маалымдаган.  

Эске сала кетсек,  Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Ага Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды. Ал эми Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 адамга жетти. Кыргызстан бийлиги болсо, учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.
Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости