www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү португалиялык футболчу Криштиано Роналдо Португалияда ээлик кылган мейманканаларын ооруканага айландыра тургандыгы боюнча маалымат жалган болуп чыкты.

Буга чейин бир катар беделдүү европалык гезиттер атактуу спортчу мейманканаларын коронавируска чалдыккан адамдар үчүн акысыз колдонууга берип, аларды ооруканага айландыра тургандыгы тууралуу маалымат тараган. Белгилүү болгондой учурда футболчу Мадейрадагы вилласында үй-бүлөсү менен элден оолак күн өткөрүүдө. Бирок, анын агенттеринен маалым болгондой Роналдо мейманканаларын ооруканага берип, дарыгерлерге айлык акыны өз чөнтөгүнөн төлөй тургандыгы тууралуу маалыматты четке каккан.

Маалым болгондой фейк маалыматты алгач  Essencia Humana кайрымдуулук фондунун жетекчиси Паула Карвалью ЖМКга айткан. Андан соң жалган маалымат испаниялык Marca гезитине басылып чыгып, андан ары бир топ басылмалар ал гезитке шилтеме кылып такталбаган маалыматты таркатып салышкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости