www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия 6-марттан тартып Франция, Австрия жана Швецария менен чек5 арасын жабат. Бул тууралуу “Bild” басылмасы өз булактарына таянып, жазды.
Мындай чечим коронавирустун жайылышынан сактануу гана эмес, Германиянын дүкөндөрүндөгү азык-түлүктү чет элдиктер массалык түрдө сатып кетишинин алдын алуу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, мындай чечим канцлер Ангела Меркелдин ички иштер министри, Бавариянын, Бален-Вюртембергдин жана Саардын премьер-министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө кабыл алынган.
Чечим 16-мартта, саат 8:00дөн тартып ишке кирет. Өлкөгө жүк ташуучу машинелер жана Германияда иштеген жарандар гана киргизилет.
Айрым маалыматтарга караганда, азык-түлүк тартыштыгы тууралуу дүрбөлөңдөн улам чек аралардагы дүкөндөрдүн текчелери бош калган учурлар байкалган.
Булак: NazarNews.kg