www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ундун баасын негизсиз жогорулатып сатышкан соодагерлерге карата тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош ОИИБинен Жеңиш Аширбаев билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-март күнү Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун айрым айылдарында ундун баасын негизсиз жогорулатып сатышкандыктан, жашоочулардын нараазычылыгын туудуруп эл дүрбөлөӊгө түшкөн учурлар кездешкен. Бул жагдайды жөнгө салуу боюнча тиешелүү жергиликтүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан мындай көрүнүшкө жол беришкен айрым жарандар аныкталып текшерүү иштери башталды.
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында азык-түлүк сатуучу дүкөндүн ээси 1973-жылы туулган С.Ш. 2020-жылдын 14-март күнү 19:30 чамасында кампасында сакталып турган 400 кап унду алып келип, 1-сорттогу ундун мүшөгүн 1600 сомдон, ал эми жогорку сорттогу ундун мүшөгүн 2000 сомдон саткан. Ошол эле айылдын тургуну 1966-жылы туулган С.Б. 100 кап 1-сорттогу ундун мүшөгүн 1650 сомдон саткан.
Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын жашоочусу 1990-жылы туулган С.Р. 2020-жылдын 14-март күнү саат 19:30 чамасында 100 каптан ашуун унду мүшөгүн 1680 сомдон саткан.
Ноокат районунун Ноокат шаарынын тургуну 1968-жылы туулган К.И. ушул эле күнү 200 каптан ашуун 1-сорттогу ундун мүшөгүн 1650 сомдон саткан.
Жогоруда аты аталган жарандарды текшерген учурда сатылган ундарга тийиштүү эч кандай документтерин көрсөтө алышкан эмес, ошондой эле ун сатылган дүкөндөрдө көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган. Бул жагдайлар Кара-Суу жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg