www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя обусунун Гүлистан шаардык билим берүү бөлүмү 29-февралда бардык мектептерде рейд өткөрүп, сабакка келбеген окуучулар үчүн класс жетекчилердин айлык акысын кести. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Гулистан шаарындагы мектептердин биринин мугалими бухгалтерия анын февралдагы айлыгынан 85 миң сум (8 доллар) кармап калганын билдирди. Бул класс жетекчилик үчүн алган кошумча акчасынын жарымына барабар.

– Рейд өткөн күнү 38 окуучунун төртөө чындап эле сабакта болгон эмес. Алар ар түрдүү себептерден улам келбей калышкан. Дайыма эле сабакты калтыра беришпейт. Ага карабай, бухгалтерия менин айлыгыман 85 миң сум кармап калды. Ушул дагы адилеттүүлүкпү?, – деди ал.

Гүлистан шаардык элдик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Шухрат Хусанов сабакты калтырган окуучулар үчүн класс жетекчилер жазаланганын тастыктап, бирок кошумча бериле турган акчанын 50 пайызы эмес, 10 гана пайызы кармалып калганын айтты.

Ал 17 мектепте рейд жүргөнүн, жалпысынан 40тай класс жетекчи жазаланганын кошумчалады.

Өзбекстан Кесиптик кошуундар федерациясы сабакка келбеген окуучулар үчүн класс жетекчилердин маянасын кыскартууну чоң катачылык деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости