www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районундагы беш тажик айылдын жашоочулары мугалимдердин жетишсиздиги маселесин чечип берүү өтүнүчү менен Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерине ачык кат жолдошту.

Кат Өзбекстандагы тажик тилдүү «Овози тожик» гезитинин акыркы санына жарыяланды. Анда 100дөн ашык тургун адискөй мугалимдердин жетишсиздигинен улам тажик мектептеринин жабылып калуу ыктымалдыгына тынчсызданууларын билдиришкен.

Бул Өзбекстандагы тажик диаспорасы эне тилинде билим алуудагы маселелерди чечип берүү өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийлигине кайрылган акыркы 25 жылдагы алгачкы учур. Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда тажик тилдүү мектептердин саны кескин кыскарып, жогорку окуу жайлардагы тажик тилинде билим берген факультеттер биротоло жабылып калган.

Булак: "Азаттык"

Последние новости