www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат.

Эсенгуловдун айтымында, штатты кеминде 10 пайызга азайтуу жагы каралууда:

- Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлдү.

Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт.

Аткаруу бийлигинин системасын реформалоо өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Булак: "centralasian"

Последние новости