www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жол коопсуздугу эрежелерин түздөн-түз бузган адамдардын гана эмес, жол-транспорттук кырсыгына тиешеси бар башка катышуучулардын – жөө жүргүнчүлөр жана мындай транспорт каражатын эксплуатациялоого жооптуу адамдардын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу.
Каралган жазалардын санын кыскартуу жана алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда коррупциялык тобокелдер азайтылат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281(Кыймыл коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 284 (Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга жол берүү) жана 285 (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) статьяларына киргизилген өзгөртүүлөр жазаны катаалдаштырат жана конкреттештирет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg