www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын айыл жерлеринде туугандар арасында үйлөнүп алгандардын саны жалпы никелердин 20-25 пайызын түзүүдө. Бул боюнча Аялдардын республикалык кеңешинде сөз болгонун коңшу өлөнүн маалымат каражаттары жазды. 

--"Туугандар ортосунда кыйылган нике боюнча тынчсызданууга негиз бар. Бул нерсе келечек муундун саламаттыгына терс таасир этип, кесепети оор болору белгилүү. Айыл жери эле дейли десек, учурда шаар тургундарынын арасында деле өмүрлүк жар катары туугандарынын арасынан тандагандар 10 пайызга жетүүдө", — деп айтышты Аялдар кеңешинин катышуучулары.

Ошондой эле мындай көрүнүш үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча айтылбай, билинбей калышына себеп болуп жатканы белгиленди.

Аялдар кеңеши жыйында туугандар арасындагы никени жана үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыкканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости