www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СOVID-19га каршы эмделгендер үчүн маска талабы жоюлду

АКШ Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) коронавирустук вакцинаны толук алган адамдардын үйдө жана эшикте эл көп болбогон жерлерде беткапсыз жолугушуусунда маселе жаралбаганын билдирди.

COVID-19 вакцинасынын эки дозасын тең алган америкалыктар үчүн бөлүшүлгөн жаңы колдонмодо, тышта машыгуу, тамактануу же коомго аралашуу үчүн беткапсыз чогула алышары белгиленди.

Эмделген адамдардын вакцинацияланбаган башка үй-бүлөлөр менен да жабык жайларда же сыртта маскасыз жана социалдык аралыкка көңүл бурбастан чогулса болот деп айтылып, мындай топтордо COVID-19ду жуктуруп алуу коркунучун күчөтүүчү айрым ооруларга чалдыккан адамдар болбошу керектиги баса белгиленди.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору муну менен бирге маска кийүүнүн дагы деле коопсуз экендигин баса белгилеп: «Сыртка маскасыз чыгуудан мурун жеке абалыңызды, үй-бүлөңүзгө жана айланаңыздагы адамдарга келтирилген тобокелчиликтерди эске алууңуз маанилүү», деп билдирди.

Экинчи жагынан Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору чачтарачтар, иш-чаралар, параддар, соода борборлору, сыйынуучу жайлар жана музейлер сыяктуу жерлерде толук эмдөөдөн өткөн адамдарга да маска кийип жүрүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости